Кыргызстандын футбол курама командасы ФИФАнын рейтингинде 143-орунун сактап калды. ФИФА билдиргендей, кыргызстандыктар 206 упай менен 1 ай мурунку ордунда турат. Айта кетсек, июнь айында мекендештерибиз Бахрейн, Эстония жана Молдованын командалары менен беттешип, бул оюндардын көрсөткүчү 6-июлдагы ФИФАнын жаңы рейтингине таасирин берет. Учурда ФИФАнын рейтингинде 1-орунда Испания, 2-орунда Германия, 3-орунда Аргентина өлкөлөрү турат. Ал эми Өзбекстан 58-орунда, Тажикстан 112-орунда, Казакстан 146-орунда.