Бүгүн, 10-июнда 10 жаштагы манасчы Үмөт Дөөлөтов “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган өнөрдү аздектеп, 3 жашынан баштап улуу эпосту айтып келе жаткан жаш манасчыга сыйлыкты министрдин орун басары Бактыбек Секимов тапшырды.