Акын Тенти Адышеванын 95 жылдыгына карата эртең борбордо китеп көргөзмөсү ачылат

Эртең, 19-июнда Улуттук китепканада Кыргыз Эл акыны Тенти Адышеванын туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналган «Бийиктикке канат каккан ыр дүйнө» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү, эскерүү кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.

Акын Тенти Адышева 1920-жылы Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында туулган. 1937-жылы Бишкек шаарындагы Медициналык техникумду бүтүрөт. Акын адабият майданына 1947-жылдан баштап белсенип киришкен. Көп жылдан бери жазылган ырлары менен поэмаларынын "Замана", "Жарык дүйнө", "Жакшы адамдар үчүн", "Талант", "Шаркыратма", "Ырлар жана поэмалар" аттуу жыйнактары жарык көргөн. Мурас катары жазып калтырган «Кылы үзүлгөн комузум» аттуу эскерме-баяны - анын акындык өнөрү жана башкалар баяндалган окуялар, негизинен өзүнүн өмүрүнүн 50-жылдардын аягына чейинки мезгилин камтыган документ.
"Көргөзмөдө анын китептери, баяндары, ал жөнүндө жазылган гезит-журналдык материалдар,
фотосүрөттөр коюлду. Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, окурмандар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат",-
деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан