Бишкекте 19-июндан 21-июнга чейин Индиянын маданият күндөрү өтөт. Саамалыкты Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги БУУнун "Өнүктүрүү" программасы менен биргеликте уюштурууда. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Индиянын маданият күндөрүнүн алкагында катышуучулар аталган өлкөнүн каада-салты менен тааныша алышат. Көргөзмө-жарманкеге косметикалык каражаттар, зер буюмдары, түркүн түстөгү сари коюлат. Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор хна менен боёо, сарини кийүү, индия бийи, йога жана ашкана сырлары боюнча
мастер-класска күбө болушат. Мындан сырткары сүрөт көргөзмөсү да өткөрүлөт.