Бишкекте Эл акыны Тенти Адышеванын 95 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 19-июнда Улуттук китепканада Кыргыз Эл акыны Тенти Адышеванын туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналган «Бийиктикке канат каккан ыр дүйнө» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага акындын китептери, баяндары, ал жөнүндө жазылган гезит-журналдык материалдар, фотосүрөттөр коюлду. Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, окурмандар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Айта кетсек, Тенти Адышева 1920-жылы Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1937-жылы Бишкектеги Медициналык техникумду бүтүрөт. Акын адабият майданына 1947-жылдан баштап белсенип киришкен. Көп жылдан бери жазылган ырлары менен поэмаларынын "Замана", "Жарык дүйнө", "Жакшы адамдар үчүн", "Талант", "Шаркыратма", "Ырлар жана поэмалар" аттуу жыйнактары жарык көргөн. Мурас катары жазып калтырган «Кылы үзүлгөн комузум» аттуу эскерме-баяны - анын акындык өнөрү жана башкалар баяндалган окуялар, негизинен өзүнүн өмүрүнүн 50-жылдардын аягына чейинки мезгилин камтыган документ. Адабиятка сиңирген эмгеги бааланып Ардак белгиси ордени, Каармандыгы үчүн медаль, Ардак грамоталар менен сыйланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан