Ош жана Өзгөн шаарларында 24-25-июнь күндөрү "Музыка - элдин дили"
аттуу музыкалык билим берүү программасынын алкагында кезектеги иш-чара өтөт. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, маданий иш-чаранын алкагында аталган шаарларда Бишкек жана Ош шаарларындагы белгилүү ансамблдер ар улуттун ыр-бийин көрсөтүп, чыгармачылыгын тартуулашат.
"Акыркы бир жарым жылдын ичинде К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында кавказ, корей, украин, казак, дунган, өзбек, уйгур,
азербайжан, түрк, орус улутунун музыкалык маданияты көрсөтүлүп келди. Музыка ар бир улуттун жан дүйнөсүнө кирип, аны түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берет",- деп айтылат маалыматта.