Жайлоодогу балдар бакчаларында Төлөмүш Океевдин тасмасы көрсөтүлөт

Бүгүн, 22-июнда Таш-Дөбө айылында жайлоодогу балдар бакчасын ачуу аземи өтөт, анда биринчи жолу Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» фильми көрсөтүлөт. Ал эми быйыл жайында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду көп сандаган демөөрчүлөрдүн колдоосу менен бүткүл өлкө боюнча жайлоодогу 85 балдар бакчасын ачууну пландаштырган. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалым болгондой, Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» фильми жай бою бийик тоолуу жайыттардагы бардык балдар бакчаларында ачык асман астында көрсөтүлөт. Бул иш-чара улуу кыргыз кинорежиссёру Төлөмүш Океевдин унутулгус элесине арналат.

Маданий иш-чарага Төлөмүш Океевдин фонду, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги катышат. Төлөмүш Океев – дүйнөгө атагы чыккан «Бакайдын жайыты», «Ак илбирстин тукуму», «Кызыл алма», «Уркуя» сыяктуу фильмдердин автору.

Ага Чүй облусунун райондук администрация кызматкерлери, Жайыт комитеттеринин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Конфуций институтунун, Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин өкүлдөрү, ата-энелер жана балдар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан