Бишкекте Орусиядан келген атактуу сүрөтчүнүн живопись, графика тармагындагы сүрөт көргөзмөсү орун алат

23-27-июнь аралыгында Бишкектеги Г.Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде сүрөт көргөзмөсү болот. Анда орусиялык сүрөтчү Юрий Третьяковдун живопись, графика тармагындагы 47 эмгеги эл назарына коюлат. Бул тууралуу аталган музейдин жетекчиси Юристанбек Шыгаев бүгүн, 22-июнда маалымат жыйынында кабарлады. 

Анын айтымында, Ю.Третьяков Совет мезгилинде Сүрөтчүлөр кеңешине мүчө болгон. "Бул киши мыкты сүрөтчүлөрдүн бири. Анын эмгектери биздин музейдин алтын фондунда сакталып келет. Биз жыл сайын чет элдик атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсүн уюштуруп келебиз. Бул көргөзмө жаш сүрөтчүлөргө шык, түрткү берет деп ишенебиз",- дейт Ю.Шыгаев.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан