“Мейкин Азия” II Эл аралык сынагы июль айында өтүшү мүмкүн

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Мейкин Азия” II Эл аралык сынагы 22-26-июль күндөрү өтүшү мүмкүн. Бүгүн, 26-июнда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде фестивалды уюштуруу иштери талкууланат. Ага маданият министри Алтынбек Максүтов, Улуттук маданий борбордун башкы директору Рыскул Боромбаев катышат.
Кошумчалай кетсек, “Мейкин Азия” фестивалы Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда 2013-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн. Анын жыл сайын өткөрүлүп турары айтылганы менен, 2014-жылдын 16-20-июлуна белгиленген популярдуу музыка аткаруучулар арасындагы фестиваль акча каражатынын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөй калган
Фестивалдын негизги максаты - чыгармачылык диалог аркылуу дүйнөлүк маданий мурастарды сактоо, жаш, таланттуу аткаруучуларды аныктоо жана колдоо, Кыргыз Республикасынын эл аралык туризм индустриясын өнүктүрүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurjan_92sport
2015-06-26 10:26:57
Дагь мумкунбу ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан