Бүгүн, 27-июндан тарта Орусиянын Санкт-Петербург шаарында "Бишкек күндөрү" иш-чарасы башталды. Иш-чара алкагында кыргыз элинин өнөр-чыгармачылыгы, маданияты, ошондой эле эл жүрөгүнөн орун тапкан орусча ырлар тартууланды.
"Бизди бириктирип турган тарыхыбыз - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишибиз. Бишкекте Ленинград блокадачыларынын элесине арналган монумент тургузулду. Биз эми Санкт-Петербург шаары менен эки тараптуу кызматташууну уланта беребиз. Бүгүнкү маданий иш-чарадан рахат аласыздар деп ойлойм",- деди мэр
К.Кулматов.
Кошумчалай кетсек, анда чогулгандар үчүн Бишкектен келген бийчилер бийлеп, улуттук аспаптардан турган оркестрдин коштоосунда опера ырчыларынын, Курмангазы Азыкбаев баштаган чыгармачыл топтун чакан концерти тартууланды.