Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү 27-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз
улуттук академиялык опера жана балет театрынын жайкы чыгармачыл
сезонунун жабылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Алгач Темир Сариев аталган
театрдын имараты жана иши менен таанышты. Учурдагы өкмөт маданий
жайлардын абалын оңдоого өзгөчө көңүл бурарын билдирген премьер-министр театрдын имараты тезинен оңдоого муктаж экенин
белгиледи.
Бул үчүн театр жетекчилигине тез арада имаратты оңдоо боюнча долбоор даярдоону тапшырып, анын негизинде өкмөт
маданий жайдын имаратын оңдоого жана жарык берүүчү аппараттарды алууга
каржы бөлөрүн убада кылды.
Андан соң Кыргыз улуттук опера жана балет
театрынын жайкы чыгармачыл сезонунун жабылышынын алкагында Жузеппе
Вердинин “Травиата” операсы көрсөтүлдү.