23-25-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде “Мейкин Азия” II Эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, фестивалда Орусия, Кытай, Түркия, Болгария, Бахрейн, Литва, Македония, Румыния жана башка чет өлкөлөрдүн эң мыкты музыка аткаруучулары вокал чеберчилиги боюнча ат салышат. Популярдуу музыка аткаруучулар арасындагы сынактын байге фонду – 1 000 000 сом.
Фестивалдын максаты - маданиятты өнүктүрүү, таланттуу аткаруучуларга колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасын туристтик аймакка айландыруу болуп саналат. Сынакта ар кайсы мамлекеттен келген катышуучулар өз тилинде бир ыр жана дүйнө жүзүндө хитке айланган ырдан бирди аткаруусу керек. Ага 17 жаштан 35 жашка чейинки ырчылар катыша алышат.