Москвада "окууга киргизип, ишке орноштурам" дегендерге алданган 40тай кыргыз жараны барар жери жок калды.
Бул тууралуу 8-июлда
SUPER.KG порталына
Whatsapp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
Маалыматка караганда,
Сагина Меңдулатова,
Болот,
Динара Приева аттуу жарандар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Москвадагы окуу жайга киргенге жардам беришерин айтышкан.
Аларды Евразия университетине окууга өткөрүп, жатаканага жайгаштырып,
андан тышкары жумуш таап беребиз деп чакырышкан. Алданган жарандар
элчиликке барганда убадаланган окуу жайдын жоктугу, документтеринде Орусияга келүү максатын көрсөтө турган жерге "окуу" эмес, "жумуш" деп жазылганы белгилүү болгон. Окууга деп чакырылгандардын баары 17-18 жаштагылар.
"Бизди университетке окууга чакырышкан. Ал жерге биз сынак тапшырбай өтүшүбүз керек эле. Ошондой эле бизге иш орундары жана жатакана берилиши керек болчу. Айлык акыны 20-25 миң рубль дешкен. Окууга болсо биз 63 миң рубль төлөмөкпүз. Бизди Евразия университетине деп чакырышкан. Документтерибизди, аттестаттарыбызды жөнөткөнбүз. Биз келгенде 1 айдын ичинде ал окуу жай жоюлуп кетти. Билеттерди ата-энелерибиз алып беришкен. Документке ар бирибиз 3500 рубль бергенбиз. Азыр барар жерибиз жок. Биз элчиликтен эч кандай жардам ала албайт экенбиз. Эми кыргыз жерине барып маселени өзүбүз чечип алышыбыз керек экен",- дейт Ош шаарынан Орусияга барган Нурбек уулу Чалкарбек.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.