Кыргыз делегациясы Түркияда өтүп жаткан "Алтын Карагоз" аттуу элдик бийлер сынагына катышууда

Түркияда 7-12-июль күндөрү элдик бийлер боюнча "Алтын Карагоз" аталышындагы 29-Эл аралык фестиваль өтүүдө. Ага кыргыз делегациясынын атынан "Керемет датка" бий ансамбли катышууда. Бул тууралуу 10-июлда Маданият министрлигинин эл аралык байланыш бөлүмүнүн адиси Гүлшан Муллакелдиевага шилтеме берүү менен мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалга катышып жаткан 17 мамлекеттин катарында Бразилия, Индонезия, Словения, Македония, Германия сыяктуу өлкөлөрдөн өкүлдөр катышып жатат. Жеңүүчү 5 миң еврого ээ болсо, экинчи орунга 3 миң евро, үчүнчү орунга 2 миң евро сыйлык коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан