Бишкекте 19-июлда Маданияттар фестивалы өтөт. Иш-чараны студенттер жана жаш адистерди даярдоо боюнча AIESEC Эл аралык уюму уюштурууда. Уюштуруучулардын айтымында, фестивалга 20дан ашуун мамлекеттен өкүлдөр катышышат. Франция, Нидерланды, Мексика, Венгрия, Малайзия, Польша, Кытай, Португалия, Вьетнам, Улуу Британия, Германия, Түркия, Индонезия, Тайвань, Чехия, Азербайжан, Эстония, Украина сыяктуу өлкөлөрдөн келген волонтёрлор ар улуттун маданиятын көрсөтүшөт. Фестивалдын катышуучулары улуттук тамак-аштардан даам татып, мамлекеттердин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат ала алышат.