17-25-июль күндөрү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан чакырылган делегация менен кытайлык кыргыздардан чыккан таланттардын кыргыз жерине келүүсү күтүлүүдө.
25-июлга чейин Нарын, Чолпон Ата, Бишкек жана Ош шаарларында концерттик программалар тартууланат. Ага белгилүү ырчылар Дүйшөкан Сейит кызы, Эсентур Курманаалы баштаган артисттер жана бий тобу катышат. Анда фольклордук жагымдуу ырлар жана “Кара жорго” сыяктуу ошол тараптан бизге келип тараган нукура кыргыз бийлери аткарылат.
Белгилей кетсек, делегациянын жетекчилигинин Маданият министрлиги
жана Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарынын жетекчилери менен жолугушуусу болот. Жолугушуу
учурунда маданиятты өнүктүрүү жана
туризмди жакшы жолго коюу боюнча келишимге
кол коюлат.