Режиссёр Ырыс Окенова кыздуу болду

Режиссёр жана продюсер Ырыс Окенова июнь айынын соңунда кыздуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 14-июлда режиссёр: "Үч уулубуздан кийин кыздуу болуп сүйүнүп жатабыз. Башкача сезимдер болот экен. Кызыбызга Адеми деген ысымды чоң атасы койду. Учурда ден соолугубуз жакшы. Кызым 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү",- деп билдирди.
Белгилей кетсек, Ырыс Окенова тасма тартуу менен бирге маданий телекөрсөтүүлөргө продюсерлик кылып келет. Ал режиссёрлук кылган "Президент жана бомж" тасмасы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын супер тасмасы" наамын жеңип алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayperi94
2015-07-14 18:57:37
Бешик боосу бек болсун .Акыл эстуу, ыймандуу ата -энесин сыйлаган кыздардан болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан