"Ташчайнар" атыккан
Нурлан Алишеров сентябрь айында Румынияда өтүүчү таланттар сынагына катыша турганын бүгүн, 17-июлда
SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, уюштуруучулар Н.Алишеровго телефон чалып, кастинг сентябрь айында болорун кабарлашкан. "Кастинг сентябрь айында болот экен. Эгер кастингден өтсөк, жарым финалга чыгабыз. Ал эми финал 2016-жылдын апрель айында болот. Буюрса, сынакка Токчайнар, Мыкчайнар жана Балка аттуу шакирттерим менен барам",- дейт ал.
Н.Алишеров бул сынакка катышып келүү үчүн 6 миң доллар өлчөмүндөгү каражат сарпталарын, уюштуруучулар бул үчүн жооп бербесин жашырган жок. "Биз жарым финалга чыкканда гана уюштуруучулар көмөк көрсөтөт экен. Андыктан Румынияга барчу каражатты өзүбүз табышыбыз керек, учурда демөөрчү издеп жатабыз",- дейт Ташчайнар.