"Азия Микс" Орусияда өткөн "Голосящий КиВиН-2015" фестивалында жеңишке жетти

Бишкектен барган "Азия Микс" КВН командасы 18-июлда Орусиянын Светлогорск шаарында өткөн "Голосящий КиВин-2015" музыкалык фестивалында жеңишке жетти. "Азия Микс" бир жылда бир өтчү бул фестивалда 3-орунга ("Большой в тёмном") сыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу "Азия Микстин" оюнчулары социалдык түйүндөгү баракчаларына жарыялашты.
Жыйынтык: 
1-орун - ("Большой в золотом") -  "Парапапарам" (МГИМО) командасы, Москва.
2-орун - ("Большой в свeтлом") - "Спарта" командасы, Астана.
3-орун - ("Большой в тёмном") - "Азия Микс" командасы, Бишкек.
4-орун - ("Малый в золотом") - "Союз" командасы, Тюмень облусу. 
5-орун - ("Малый в свeтлом") - Астрахань облусунун КВН боюнча курамасы.
6-орун - ("Малый в тёмном") - "Триод жана Диод", Смоленск. 
Президенттик (янтарный) - Калининград облусунун оюнчуларына берилди. 
"Голосящий КиВин" - шайырлар жана тапкычтар ортосунда жыл сайын өтүүчү фестиваль. 2014-жылга чейин Юрмалада (Латвия) өтүп келген. Бул жылы Орусиянын Светлогорск шаарында өттү. Бул сынактын башка КВНдерден айырмасы командалар сахнага бир гана жолку чыгышында музыкалык өнөрүн көрсөтөт жана калыстар тобунун, ошондой эле Александр Масляковдун атайын сыйлыгын алышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
AiBoru
2015-07-19 13:52:00
Кыргыздар чет жерлердеги сынактан женди, ийгиликке жетишти десе аябай толкундануу менен кубанам. Алга Кыргызстан!!!
0
Adako
2015-07-19 14:04:33
Азаматсынар, сыйлыгынар куттуу болсун! Буюруса быйыл чемпион болушунарды каалайм! (Биздин бийликтегилер оздору жеп эле жата бербестен, кыргыз элин дуйного таанытып жатышкан таланттарга жардам беришсе жакшы болмок)
+1
arzy12345
2015-07-19 14:20:50
Баракелде.
0
sagyn01
2015-07-19 15:03:49
Адашпасам 1-орунду парапапарам алдыго МГИМО эмес
0
kudiret9413
2015-07-19 23:24:30
sagyn01, Парапапарам МГИМО нун атынан ойношот
+1
kama_future_millioner
2015-07-19 15:20:56
Азаматсыңар
0
bilimbek
2015-07-19 18:52:07
19-июльда Саат 17;40 да Биринчи каналдан болот (Ортдан)
0
Byshakov
2015-07-20 00:00:46
bilimbek, эскисин корсотту
0
Aipri
2015-07-19 19:21:17
Жанылык деген ушундай болсо. Баарынарды куттуктайм. Ура.
0
ryzhak
2015-07-19 19:32:52
19да болбойт. Коптон кийин болот!
0
yslam
2015-07-19 20:46:12
азия микс алга карай дигидик-дигидик-дигидик
0
Shurik
2015-07-19 22:51:09
Зор болду квн,а бүгүн болсо Азия микс жана Спартанын жигиттерин деңиздин жээгинен учураттым сүрөткө түшүп дегендей.
-1
friendwipkg
2015-07-19 23:21:09
азия микс үйүңөргө кайткыла.
0
Gulya.akbaralieva
2015-07-20 00:11:44
азаматтар. абдан кубанычтамын
0
edil.9292
2015-07-20 01:20:37
Жеңиш кут болсун кыргыз калкым азия микстин жеңиши бул биздин жеңиш куттуктайм баарыңарды! качан орунду майлайсыңар деп эле.
0
skatoruk
2015-07-20 10:24:10
Азаматсынар жигиттер , чемпион болгула финалда!!!
0
bolsunalban
2015-08-25 23:11:40
Азаматсынар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан