* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы ырчы, обончу Токон Эшбаев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Жалал-Абаддан мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы, издөөдө жүргөн Акмат Бакиев кармалган. Апрель, Июнь окуяларындагы баш аламандыктар боюнча күнөөлөнүп 7 жылга эркинен ажыратылган Акмат Бакиев ден соолугуна байланыштуу жатак-абакка чыгып, ал жерден 2012-жылдын 3-мартында качып кеткен. Абактан мөөнөтүн толук аткарбай качып кеткендиги үчүн ал 2012-жылы 12-июнда 5 жылга сырттан кесилген.
* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы америкалык актёр Робин Уильямс Чикаго шаарында туулган. Ал Жуллиард драмалык мектебин аяктаган. Көпчүлүк аны комедиялык актёр катарында "Ойгонуу", "Адамс багыты", "Август Раш", "Өлгөн акындардын коому", "Саламатсыңбы, Вьетнам!" аттуу тасмалардагы ролдору аркылуу тааныган. Бардыгы болуп 300гө жакын тасмага тартылган. Американын Киноискусство академиясы 1998-жылы эң мыкты эркек ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын тапшырган ("Акылдуу Уилл Хантинг", 1997-жыл). Ал эми "Алтын глобус" сыйлыгына 5 жолу татыктуу болгон. Голливуддагылар жана актёрдун көпчүлүк күйөрмандары аны "комедиянын падышасы" деп атап келишкен.
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы орус эстрада ырчысы Авраам Руссо Сирияда туулган. Ал эң алгач эл алдына Түркиянын "Тиkи Воуs" ансамблинин коштоосунда ырдап чыккан. Анан Англия, Испания, Франция, Швеция, Африка, Араб Эмираттарынын престиждүү клубдарында иштеген. Ырчылык өнөрдү нөлдөн баштоону ылайык көргөн Руссо 1997-жылы Тельман Исмаилов аттуу ишкерди ээрчип Москвага келе берген. Алгач "Прага" ресторанында келишим менен иштей баштаган. Алгачкы орус тилиндеги ыры "Далеко, далеко" болсо, андан соң "Tonight" альбомун чыгарган.