19 жаштагы Таттыбүбү Самидин кызы “Кыргыз жергесинин сулуусу-2015” сынагынын жеңүүчүсү деп табылды

Кечээ, 21-июлда Бишкекте “Кыргыз жергесинин сулуусу-2015” сынагы өтүп, анда 19 жаштагы Таттыбүбү Самидин кызы жеңүүчү деп табылды. Ал 19 сулуу кыздын ичинен калыстар тобунун сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Айта кетсек, кыздар өздөрүн тааныштыруу, кыргыз бийин бийлөө, ыңгайсыз суроолорго жооп берүү жана кече көйнөгүн кийип чыгуу боюнча сынактардан өтүштү. 

Бийкечтер кийимин алмаштырып жаткан учурда келген конокторго бийчилер жана ырчылар көңүлдүү маанай тартуулашты. Сынак жакшы өткөнү менен, аягына келгенде калыстар жеңүүчү кызды тандай албай көпкө ойлонушту. Бир сааттан ашык убакыт ойлонгон калыстар эки ирет чогулуп, кыздарды кайра сахнадан бастырып өткөрүштү. Жыйынтыгында “Кыргыз жергесинин сулуусу-2015” деп 19 жаштагы Таттыбүбү Самидин кызын аташты. Ал Кытайда өтө турган “Дүйнө сулуусу-2015” сынагына катышат.

Мен, биринчиден, жетишкен ийгиликтерим үчүн Жаратканыма, ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем. Бул сынакта жеңүүчү аталуу мен үчүн оңойго турган жок. Үч ай бою аябай даярдандым. Бүгүн утам деп ойлогон эмесмин, анткени менин кече көйнөгүмдү алып келе турган дизайнерим кечигип, сынактын акыркы баскычына чыга алган жокмун. Ошентсе да мени байкаган калыстар тобуна чоң рахмат. Буюрса, кыргыз элимди эл аралык сулуулар сынагында татыктуу даңазалайм деп ишенем”,- деди Таттыбүбү.   

“Кыргыз жергесинин сулуусу-2015” наамын 19 жаштагы Таттыбүбү алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Alibi
2015-07-22 11:35:11
Байлыгы бардын местасы да бар дегендей байлыгына таянгандар коп болуп баратат го эми ушул кыздын кайсыл жери жакшынакай менин коз карашым боюнча 12 номердеги кыз татыктуу болчу
+2
KUMU89
2015-07-22 11:44:05
Орундар алда качан чечилип калган да. Калыстар калптан эле ойлонушат.
+4
Musio
2015-07-29 02:29:13
KUMU89,minus bolup ketti
++10
0
SHAHDAR
2015-07-22 12:41:52
Аты да сулуу экен. Ийгилик каалайбыз
-2
arabica
2015-07-22 15:00:49
Опаааа! Салам баарынарга суперчилер.. Байкасам Мисс болгон кызды мактап жазгандардын баарына минус коюптурсунар,жамандап жазгандарга плюс коюп салыпсынар, бул кыз эмне кылды эле анчалык?) бирок магада жаккан жок турушу ХХХ экен. Табиятынан сулуу кыздарды бааласанар жакшы болот эле калыстар тобу
-2
admin_superstan
2015-07-22 15:03:54
arabica, мазактоого жол жок! Эскертүү!
0
kirgizstan
2015-07-22 15:23:45
Шпаклевка бетин жууп арчыса сулуулук жок караса. Чаптанып алыптыр
0
novayariga
2015-07-22 16:01:14
Сулуу деле эмес экен, акыйкаты. Сулуу кыздар журот го коп эле арасында. Же алар макал лакап айталбай калды бекен? :-D
+1
admin_superstan
2015-07-22 16:01:17
arabica, талкуудан алыстабай, сын-пикирлерди тиешелүү бөлүмгө жөнөтүңүз!
0
Aimax14
2015-07-22 16:37:51
Таттуу боенбосо деле сулуу,анын жанында жургондор билебиз!Буткон ишке сынчы коп дегендей,озунорду жаман кыйын сезесинер!Силер анын кандай таланттуу кыз экенин билбейсинер дагы....
-1
KYRGYZJERI
2015-07-22 18:03:57
Жанында турган Рыскуля беле, тошунон суту таамп кетиптир. грудные прокладки коюп алса болмок
+2
kirgizstan
2015-07-22 19:27:51
KYRGYZJERI, эч ким байкаган эмес окшойт сенин комментарийинди окуп суротторду кайрадан корсом аччык эле билинип калыптыр Уятко эээ
+1
baikashtyr
2015-07-22 18:27:33
oozu aiabai chon go))) jakshy bul jyly da kyzdardy chechindirip karashtyby?
0
Minhi
2015-07-22 19:31:47
Эмнеси сулуу болуп турат тиги мисстин майкл джексинге окшойтко
+3
Umka636589
2015-07-22 19:59:25
Бул кызды Екатеринбург шаарынан коргондоймун.Атына заты жарашкан татыктуу кыз.Бирок озунун сулуулугун, фигурасын демонстрация кылгандар жакпайт.
0
Sadyrov_n93
2015-07-22 23:24:59
Чон аренага бул кыздын он келбети туура келбейт,арасында журот ко жакшынакайлары. Анан да конкурстун ляптарын окугандан кийин биротоло каршы болуп калдым.
+2
dinooou
2015-07-23 05:14:15
Өктөм Сапар уулунун клибиндеги кызго))
0
cosmopolit
2015-08-02 22:08:53
Сулуу Эле болуп турат, зато потенциал есть..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан