* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы кыргыз балетинин прима-балеринасы Асел Айдарова төрөлгөн. Балетке кызыгуусу 6 жашында башталып, ошондон тартып бийге бара баштаган. 4 жылдан кийин профессионалдык багытта балет тарапка ооп, 10 жашынан баштап балет окуу жайына кирип окуп калган. 13 жашында Майрам Акаева уюштурган “Жаш таланттар” сынагында алгачкы жолу сахнага чыгып, ийгиликке жетишкен. 18 жашында училищени аяктап, театрда иштеп калган.
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы ырчы Гүлжигит Калыков Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Мектепти Чүй облусунун Сокулук районунда аяктап, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономикадагы прикладдык информатика факультетине тапшырган. Ошол эле маалда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуп, бирок өзүнө жогорку билим маанилүү деп чечип, ал окууну 2 жылдан кийин таштап койгон.
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы Гарри Поттердин образын жараткан англиялык театр жана кино актёру Дэниел Рэдклифф Лондондо төрөлгөн. 30дан ашык тасмада роль жараткан Дэниел Рэдклифф карьерасын 1992-жылы баштаган. Ал алгачкы жолу 1999-жылы "Дэвид Копперфилд" аттуу тасмада Дэвид Копперфилддин бала чагын ойносо, 2001-жылы чоң экранга "Портной из Панамы" ("Панамадан чыккан бычмачы") тасмасына тартылган. Бирок ага атактуулукту Гарри Поттердин ролу алып келген. 2009-жылы Дэниел Рэдклифф "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп акча төлөнгөн актёр катары кирген.
* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы деңиз желмогуздары тууралуу уламыш тастыкталган. Тасман аралдарынын жээктеринен салмагы 250 килограмм, тинтүүрлөрүнүн узундугу 15 метрге жеткен кальмардын денеси табылган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы британиялык белгилүү ырчы Эми Уайнхаустун жансыз денеси Лондондогу үйүнөн табылган. 27 жаштагы Эми Уайнхаус баңгизатын көп өлчөмдө колдонгондугунун натыйжасында каза тапканы айтылган.