Ырчы
Айпери Сыдыкова жолдошун кырк жылкылуу кылып, 22-июлда кыздуу болду. Кубанычын эл менен тең бөлүшкөн ырчы
SUPER.KG порталына кызына Баян деген ысымды наристенин чоң энеси тандаганын билдирди.
"Көптөн күткөн кызыбыз кечээ, 22-июлда жарык дүйнөгө келди. Бүгүн атасынын туулган күнү. Туулган күнүнө саналуу сааттар калганда жолдошума да өзгөчө белек болду. УЗИден наристебиздин кыз экени белгилүү болгондон тартып баарыбыз, өзгөчө уулум күтүп жатты. Кайненем өзүм карайм дегенинен өзү иштеген төрөтканада, Кара-Көлдө төрөдүм. Кайненем небересине Баян деген ысым ыйгарды. Ден соолугубуз жакшы. 3 килограмм 700 грамм салмакта төрөлдү. Бою 56 сантиметр",- деди ырчы.