Чолпон-Ата шаарында "Мейкин Азия" Эл аралык фестивалы өтүүдө (фото)

Бүгүн, 23-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Мейкин Азия” II Эл аралык фестивалы башталды. Анын ачылышында сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Темир Сариев фестивалдын маанилүүлүгүн белгилеп, өкмөт жыл сайын иш-чараны өткөрүүгө жардам көрсөтөрүн айтты.

Фестивалга Кыргыз Республикасынын атынан Адилет Азимов, Руслан Асанкан уулу, Акмөөр Болотбек кызы жана Аксай Муканбет уулу катышууда. Мындан сырткары сынакта ар кайсы мамлекеттен келген 20 катышуучу өз өнөрүн сынайт. Ар бири өз тилинде бир ыр жана дүйнө жүзүндө хитке айланган ырдан бирди аткарат. Бүгүнкү иш-чараны Адилет Азимов ачып берди. 

Фестивалдын максаты маданиятты өнүктүрүү, таланттуу аткаруучуларга колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасын туристтик аймакка айландыруу болуп саналат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kama_future_millioner
2015-07-24 00:21:21
Биздикилер алга
+2
Uli6886
2015-07-24 13:03:35
Кызыл койнокчон кыз мага жакты))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан