Баткен шаарында 21 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта жоголгон кыздын жеңеси Назгүл Тиленова SUPER.KG порталына билдирди.
“Кайын сиңдим Тургунбай кызы Айдай 1-август күнү үйүнөн “базарга барып келейин” деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Милиция кызматкерлерине билдиргенбиз, бирок азырынча кабар жок”,- дейт Назгүл Тиленова.
Эгер сүрөттөгү кызды көрүп-билгендер болсо, милиция кызматкерлерине кабарлап койсоңуздар.