Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан Казакстандагы жол кырсыгынан каза тапкандардын жакындарына материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, 7-август күнү Казакстандын Моюнкум районундагы жол кырсыгынан 4 адам каза таап, 3 адам жабыркаган. Алардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары болушкан.
Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 700 миң сом материалдык жардам бөлүндү. Жол кырсыгынан жабыр тарткан үч жана каза тапкан төрт адамдын үй-бүлөсү көрсөтүлгөн суммадан 100 миң сомдон материалдык жардам алышат.