Жылнаама, 20-август: Мындан 64 жыл мурун 17 кишини мышьяк менен ууландырып өлтүргөн алгачкы америкалык киши өлтүргүч аял көз жумган

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы "Эчкилүү-Таш" бекетинде Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы 5 адамды атып өлтүргөн. Факт боюнча Чек ара кызматынын Башкы штабы шашылыш чогулуш өткөрүп, абалды талкуулап, окуя болгон жерге Чек ара аскерлигинин Башкы штабынын төрагасынын орун басары, генерал-майор Рыскелди Мусаев баш болгон офицерлер тобу жөнөтүлгөн. Жоокер айдай качкан автоунаа ошол эле күнү кечке жуук чек ара тозотунан алыс эмес жерден табылган. Ал эми 21-август күнү качкан жоокерди издегени чыккан топ Кулбарак уулу Балбайды Ай-Таш капчыгайы тараптан тапкан. Чек ара аскерлери менен аймактык ИИБдин жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте аны кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөткөн. Кылмышка шектүү чек арачыны тирүү кармоо мүмкүн болгон эмес, атышуу учурунда каза болгон. 
Кулбарак уулу Балбай Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң айылында 1993-жылы туулуп, 2011-жылдын күзүндө аскерге чакырылган.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Япониянын Хиросима шаарындагы катуу жааган жамгырдан кийин орун алган жер көчкүнүн кесепетинен 27 киши көз жумган. Каза болгондордун арасында беш адамды куткарган куткаруучу да бар болгон. Өлкөдөгү Башкы метеорологиялык башкармалыгы Хиросимада үч сааттын ичинде жааган жамгыр жер көчкүнүн жүрүшүнө себеп болгонун айткан. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 10 турак үй бузулган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы 19-август күнү кечинде Ренат Тентимишов өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал эми 20-августта 26 жаш курагында көз жумган. Маркум 22-августта туулуп-өскөн жери Кочкор районунун Мантыш айылында жерге берилген. 
“Азия MIX” КВН командасынын оюнчусу, "Большие люди" долбоорунда каардуу Баха братандын ролу аркылуу белгилүү болгон Ренат Тентимишов 1987-жылы 18-июлда Фрунзе шаарында туулган. Немис тилин тереңдетип окуткан №23-гимназияны аяктаган соң, Америка университетине (азыркы Борбор Азиядагы Америка университети) өткөн. Университетти аяктап, Башкаруу академиясынын (АУПКР) мамлекеттик башкаруу факультетине тапшырган. Аны бүтүп, банкта бир жылча иштеп, кийин "Азия Микс" КВН командасына кошулган. Андан сырткары "Общага" телесериалынын сценарийин жазууга катышып, тасмада роль жаратууга да жетишкен.
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы италиялык альпинист Райнхольд Месснер биринчи жолу өзү жалгыз жана кислород маскасыз Эвересттин чокусуна чыккан. Месснер бир гана тоолорду багындыруучу эмес, алардын популяризатору дагы. Ал альпинизм тууралуу 70тен ашык китеп чыгарган. "Хрусталь горизонту" аттуу китеби дал ушул Эверестти багындырганы тууралуу.
* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы 17 кишини мышьяк менен ууландырып өлтүргөн алгачкы америкалык киши өлтүргүч аял Берта Гиффорд жиндиканада жатып көз жумган. 
Анын бардык курмандыктары достору, кошуналары же күйөөсүнүн туугандары болгон. 
20-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altynaiB
2015-08-19 23:41:55
Урматтуу супер инфо жамааты Ренат Тентимишов жонундо толук маалымат барбы? Бар болсо кайсы жактан окусак болот? Жазып койгулачы.
0
admin_superstan
2015-08-20 10:11:24
altynaiB, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=Ренат+Тентимишов&x=0&y=0&media_search=1
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан