Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Жакшыбек Жунушевдин “Жашоо өңдөрү” аттуу жеке көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн акыркы 3 жылда тартылган 30 эмгеги коюлган. Автордун жашоосунан алынган сүрөттөлүштөр портрет, пейзаж жана натюрморттор аркылуу берилген. Жунушев күнүмдүк тиричиликти, айылдык балдардын жашоосун, кыштактардагы жолдордун чаңын, тоолорду жана башка көптөгөн көрүнүштөрдү өтө сезимталдык менен өзүнүн эмгектеринде бере алган. Көргөзмө 4-октябрга чейин уланат.