Бишкекте саясий-сатиралык "Шайлоо-жайлоо" аттуу жаңы комедиянын бет ачары үзгүлтүккө учурады

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектеги "Космопарк" оюн-зоок борборунда биринчи жолу кыргыз тилинде тартылган саясий-сатиралык "Шайлоо-жайлоо" комедиясынын бет ачары өтмөк. Бирок техникалык себептерден улам
иш-чара үзгүлтүккө учурады. Уюштуруучулар бет ачарга келген коноктордон кечирим сурап, каалаган күнү каалаган кинотеатрда аталган фильмди көрүп кетүүгө бекер билет беришерин убадалашты.
Комедиянын продюсерлеринин бири Сумсарбек Мамыралиевдин айтымында, тасма шайлоо темасына арналган. Кинодо шайлоо жүрүп жатканда кантип алданып калбай, туура добуш берүү керек экени көрсөтүлөт.
Айта кетсек, иш-чарага саясий партиялардын өкүлдөрү чакырылган, бирок бирөөсү да келген жок. Муну менен катар салтанаттуу аземге кино тармагынын адистери, сынчылар, күйөрмандар жана тасмада образ жараткан актёр-актрисалар келишкен.
“Шайлоо-жайлоо” комедиясы жарыкка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jake91
2015-09-24 20:52:16
Уятинко
0
OYSI
2015-09-25 01:27:58
Ай ий уят эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан