* Мындан 131 жыл мурун, 1884-жылы төкмө акын Барпы Алыкулов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы кыштагында туулган. Акындын чыгармачылыгынын башталышы XIX кылымдын акырына, башкача айтканда, 1900-жылга туура келет. Анын өмүрүнүн теңи жакырчылыкта өткөндүктөн, дайыма эл тарабында болуп, өзүнүн курч ырлары аркылуу эзүүчү таптын өкүлдөрүнүн кемчиликтерин ашкерелеп, аларды сынга алган. Ушундай ырлары үчүн эзүүчү таптан далай кордук көргөн.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Руслан Шабатоев дайынсыз жоголгон. Ал борбордогу кафелердин биринде отурган жеринен бирөө телефон чалып чакырган боюнча кайра кирген эмес. Анын сөөгү туура 1 жыл 1 күндөн кийин, 1-октябрда Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылындагы капчыгайдан табылган.
* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы италиялык актриса, модель Моника Беллуччи Италиянын Ситта ди Кистельо шаарчасында туулган. Мектепти аяктаган соң ЖОЖдордун бирине юридикалык факультетке тапшырат. Студент кезинде Милан шаарындагы эң престиждүү "Элит" аттуу мода үйүнөн чакыруу алууга да жетишет. 1987-жылы мода дүйнөсүнүн алптары аталган Дольче менен Габбананын да көзүнө урунуп, алар менен тыгыз иштеше баштайт. Ошондон кийин моделдик карьераны тандап, юрист болуу оюнан кайткан.