Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында 4-октябрдан 11-октябрга чейин СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыевдин 75 жылдыгына арналган Опера искусствосунун II Эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу маалымат аталган театрдын сайтына жарыяланган.
Белгилүү болгондой, салтанаттуу иш-чарага Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия жана Кыргыз Республикасынын опера сахнасынын алдынкы чеберлери катышат. Программага көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон дүйнөлүк опера классикасынын чыгармалары кирди.