Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз опера жана балет театрында Эл аралык карылар күнүнө арналган салтанаттуу концерт өттү. Ага Бишкек шаарынын ар кайсы мекемелеринде эмгектенип, ардактуу эс алууда жүргөн 500гө жакын ардагерлер катышты. Кечени Ассоль Молдокматова алып барды. Ал эми Кыргыз опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов кече ээлерине чың ден соолук каалап, "силерди Карылар күнү менен эмес, кайраттуу адамдардын майрамы менен куттуктап өтүүгө уруксат этиңиздер" деди. Көрүүчүлөрдүн көңүлүн театрдын солисттери Медиана Баитова, Айзирек Момунова, Бакыт Алмабеков, Ангелина Федорова, Марат Сыдыков, Эрмек Мараимов жана башкалар искусство дүйнөсүнө чөмүлтүштү. Сахнада белгилүү дүйнөлүк классикалык опера жана балет чыгармалары аткарылды.