Бишкекте айымдарга өзүнө кам көрүүнүн сырларын үйрөткөн сулуулук жаратуучулардын көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 8-октябрда борбор калаадагы Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде сулуулук индустриясындагы адистештирилген көргөзмө ачылды. Экинчи жолу өткөрүлүп жаткан иш-чаранын ачылышына ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина, стилист Замира Молдошева катышты. Көргөзмөнүн уюштуруучусу Феруза Яхъярова: “Салтка айланган сулуулук майрамын өткөрүп жатабыз. Көргөзмө тажрыйба алмашууга, жаңы агенттерди, дистрибьюторлорду табууга, бренддерди чыгаруу жана өнүктүрүүгө шарт түзүүчү аянт болуп калат деп ишенебиз”,- деди.

Иш-чаранын алкагында адистер териге кам көрүү, макияж жасоо, тырмак боёо, чач жасалгалоо боюнча мастер-класска күбө болушат. 4 күнгө созулган көргөзмөдө кирпик өстүрүү, маникюр боюнча адистердин, чачтарачтардын арасында сынак орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aku
2015-10-08 12:39:13
Кируу акысызбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан