Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 4-ноябрда "Инсан" тобунун 25 жылдыгына карата мааракелик концерт өтөт. Концертке белгилүү ырчылар Эркин Мукашев, Гүлнур Сатылганова, Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев, Жийдеш Идирисова жана башка көптөгөн жылдыздар катышат.
"Инсан" тобу тууралуу маалымат:
"Инсан" музыкалык тобу 1990-жылы түзүлгөн. Топтун башкы курамында Эмил Турусов, Эркин Мээрканов, Нурлан Бейшекеев жана Болот Малаев болгон. Рахим Бибасов, Ырыскелди Осмонкулов топтун эң алгачкы жылдыздары болуп чыккан. Бүгүнкү күндө "Инсандын" негизги вокал адиси - Тынай Алыбаев.
Топ 90-жылдары чыныгы популярдуулукту багынтып, көптөгөн ырларды жаратты. Андагы биринчи хитке айланган ырлардан бүгүн "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай", "Сары-Ой", "Арманым" жана "Периште, туулган күнүң менен" деген чыгармаларды атоого болот.