“Тамашоу”: Парламенттик шайлоону күлкүгө айланткан оюнда "Позитифф" командасы "Мыкты команда" аталды

Бүгүн, 16-октябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасы 8-сезонун баштады. Аны долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев алып барды.

Бүгүнкү оюн парламенттик шайлоо, саясий партиялардын үгүт иштерин чагылдырган тамашаларга бай болду. Жыйынтыгында "Позитифф" командасы "Мыкты команда" аталды. Ал эми "Порыв ветра" командасынын оюнчусу Сайид "Мыкты оюнчу" наамына татыктуу болсо, "Кыргыз двордун" кекеч ит тууралуу тамашасы 8-сезондун ачылышындагы мыкты тамаша болду.

"Тамашоучулардын" өнөрүнө актриса Шайыр Касымалиева, эстрада ырчысы Урмат Усенов, “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, юрист Жоомарт Жолдошев, стилист Замира Молдошева, режиссёр Рысбек Жабиров, спортчу Чыңгыз Боркошев баа беришти.

Белгилей кетсек, бүгүн “Позитифф”, “Элестет”, “Ассорти”, “Мисс шоу”, “Жалал-Абад”, “Ацтек”, “IUK”, “Универсал”, “НКБ”, “National”, “Багыт”, “Ошингтон”, “Кыргыз двор”, “Brooklyn”, “Рота”, "Порыв ветра" командалары таланттарын тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
010288
2015-10-16 21:56:32
дискке этерээк чыгаргыла айылдык куйормандар учун.плииииииз
+5
sagyn01
2015-10-16 21:57:15
Айпериге гонорар бериш керек, туну бир убактада иштеп журот
0
realliver
2015-10-16 22:05:15
Айпери барып коруп отурупле жаза салды да
0
Afina
2015-10-16 22:27:57
куттуктайм женгендерди.
0
Shat.88
2015-10-16 22:56:16
Супер инфонун баш редактору Шаиста Шатманова болбой калды беле?
+3
akyn-jurogu
2015-10-16 23:53:31
Shat.88, Сен Супер-Инфону бат баттан окуп турасынбы? Мезгилден артта калганын берген суроонон корунуп турат...
-6
KUMU89
2015-10-17 01:50:28
Shat.88,Ал дироктор болуп калды болуш керек.
0
MegamozG_91
2015-10-17 00:34:38
Позитив жакшы тамашаларды жандандырууда
+1
Titi
2015-10-17 12:30:39
Жетинчи сезондун чемпиону ким
0
Maks_shop
2015-10-17 19:08:44
Универсал не болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан