V Эл аралык “Арт-Ордо” фестивалында баш байгени М.Ауэзов атындагы Казакстандын театры утуп алды

V Эл аралык “Арт-Ордо” фестивалынын баш байгесин М.Ауэзов атындагы Казакстандын театры утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда аталган фестивалдын жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу кече өттү. Анын жүрүшүндө КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов «Кас-Кагым» спектаклин алып чыккан М.Ауэзов атындагы Казакстандын мамлекеттик драма театрынын өкүлүнө “Арт-Ордо” фестивалынын статуэткасын жана Гран-при дипломун тапшырды.
Айта кетсек, баш байге 60 миң сомду түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан