Бишкекте "Люксембургдагы жай мезгили" аттуу сүрөтчүлөр тобунун көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 24-октябрда Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде "Люксембургдагы жай мезгили" аттуу сүрөтчүлөр тобунун көргөзмөсү ачылды. Ага КРнын Эл сүрөтчүсү Асанаалы Бейшенов, КРнын Искусствого эмгек сиңирген ишмерлери Жылдызбек Молдахматов, Валерий Руппель, Саркын Соромбаев, Сансызбек Мирзираимов, Адилет Давлетовдун сүрөттөрү коюлган. 

"Биз, сүрөтчүлөр тобу, атайын долбоор менен Бишкектен өтө алыс эмес жайгашкан Люксембург айылында бир айча болдук. Ошол жерден өзүбүз каалаган тематикада сүрөт тарттык. Жыйынтыгында ар бирибиз 5-6 көркөм сүрөт жаратып, бүгүн көрүүчүлөрдүн алдына тартуулап жатабыз",- деди Саркын Соромбаев.

Көргөзмө 7-ноябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан