Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде СССРдин Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун 80 жылдыгына арналган скульптуралар көргөзмөсү өтүүдө. Ага скульптордун СССР маалында жезден, жыгачтан жана башка материалдардан жасаган 26 эмгеги коюлду.
Садыков өзүнүн эмгектеринде портрет жанрына көп басым жасаган. Мындан улам анын коллекциясында чыгаан илим жана маданият ишмерлеринин, ошондой эле ар кайсы кесипти аркалаган адамдардын образдары мыкты чагылдырылган. Чебердин эмгектери анын өзгөчө чыгармачылыгын, формалардын пластикасын аткаруусун жана терең ой жүгүртүүсүн көрсөтүп турат.
Көргөзмө 7-ноябрга чейин созулат.