Бишкекте Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын жаңы лауреаттары сыйланышты

Бишкекте бүгүн, 29-октябрда залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленди. Ага өкмөт өкүлдөрү, маданияттын мыкты кызматкерлери, чыгармачыл интеллигенция жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Иш-чарага келген ар бир катышуучуга акындын ырлары жазылган баракчалар таратылды. Саамалыктын жүрүшүндө акындын жашоо-турмушу чагылдырылган даректүү тасма көрсөтүлдү.
Ошондой эле акын Анатай Өмүрканов Алыкул Осмонов атындагы сыйлыкты Акбар Кубанычбеков, Бердибек Жамгырчиев, Бактыгүл Сейитбекова, Жылдыз Бакашова жана композитор Аскар Тыналиевдерге тапшырды.
Салтанаттын жүрүшүндө президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн окуп берди. Президент Алмазбек Атамбаевдин залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоосунда: "Алыкул агабыздын маңдайына көптөгөн турмуш кыйынчылыктары, жетимчилик, түрдүү сыноолор жазылган экен. Залкар акын ошолордун баарын жеңип, адабиятта Чолпон жылдыздай жанып, кыргыз поэзиясынын классигине чейинки жолду басып өттү.

Алыкул Осмонов өз чыгармачылыгында эмгек адамды асманга көкөлөтөт, урмат-сыйга жеткирет деген өзөктүү ойду туу тутту. Эмгек адамынын аброюн көтөрүп, анын жаратмандыгын жана улуулугун ачып берди. Мекендин кадырын, ыйыктыгын бийик көкөлөтүп, “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!” деп булактай тунук сүйүүсүн өз элине жеткире алды. “Бир сырдуу курдашы” Ысык-Көлүбүздүн сыйкырлуу касиеттерин дүйнөгө жарыя салды. Эл достугун, айрыкча Орусия менен боордоштугубузду бийик даңазалады.

Кыска, бирок мазмундуу өмүрүндө Алыкул Осмонов кыргыз эли кылымдарга сыймыктангыдай ажайып мурас калтырды. Улуттук профессионалдуу адабиятты бийик деңгээлге көтөрүүгө олуттуу салым кошуп кетти. Мезгил өткөн сайын Алыкулдун чыгармачылык аброю улам артып, зоболосу бийиктеп бара жатат. Залкар акындын адабияттагы дүбүртү “буудан болуп, таскак салып”, кылымдарга жаңырып, ар дайым Ата Мекенди сүйүүгө, жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө жашай берет",- деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан