Кыргыз кол өнөрчүлөрү 2015-жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейин Малайзиянын Путраджая шаарында өткөн Эл аралык искусство, маданият жана ислам фестивалына катышып келишти. Ага Алжир, Кувейт, Тунис, Сауд Арабия, Оман, Кытай, Өзбекстан, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн катышуучулар барышкан.
"Кыргыздын маданиятын көрсөтүү, жайылтуу, тажрыйба алмашуу максатында барып келдик" деген Кыргыз Республикасындагы Кол өнөрчүлөр кеңешинин жетекчиси Жамбы Карыбекова фестивалдан аябай таасирленгенин айтат.
"Мен башка улуттардын маданиятынан кандай сабак алсак болорун билүү үчүн катышып келдим. Бизде "кыргыз жери - бейиштин төрү, туу чокусу" деп айтып келишет эмеспи, ошол сыңары Малайзия мусулман өлкөлөрүнүн мыйзамдары сакталган өлкө экенин билдик. Малайзия эли динин, кийимин, өзүнө таандык маданиятын сактаарын, тазалык, тейлөө сапаты мыкты экенин көрө алдык.
Шырдагыбызга суктангандар көп болду. Фестивалга кийизден жасалган буюмдарды алып бардык. Катышуучуларга кийиз бир гана сууктан эмес, ысыктан, зыяндуу нурлардан сактаарын түшүндүргөнгө аракет кылдык. Бул жердеги негизги көйгөй тил маселеси болду",- деген Ж.Карыбекова фестивалга кол өнөрчүлөр өз каражаты менен барышканын кошумчалады.
"Бизде маданияттын түрү көп да. "Маданиятты көрсөтүп кел" деп ырчыларга кайрылсак, "каржылашса барабыз" деп коюшту. Кыл кыяк, комузда кол ойнотуп келишсе болмок. Биз деле өнөрдү жайылталы деген ниетте бардык. Өкмөттүн уюштуруп бербегени туура эмес. Маданият министрлиги ырчыларды, көркөм өнөрдү кошуп, 12 адамдан турган жамаатты жиберсе жакшы болмок да. Ар ким өзүн өзү каржылады, К.Султанов каржылаганы үчүн боз үй Малайзияга жеткирилди",- деп тийиштүү министрлик тарабынан колдоо болбогонуна кейиди.
Этностилдеги кийимдер коллекциясын алып барган дизайнер Аруужан Алымкулова фестивалда улуттук кийимдерди көрсөткөн. "Коллекция татаал болду. Мисалы, элечек орогонго убакыт тар болуп калды. Кийимдерди көргөзмөгө чыгарарда жабык кийинген модель кыздардын кийиминин үстүнөн кыргыздын улуттук кийимин кийгиздик. Көргөзмө бүткөндөн кийин атайын келип мактоо айткандар, суктангандар көп болду",- деген Аруужан Алымкулова Малайзияга барган кыргыз кол өнөрчүлөрү ошол жакта жүрүп бир үй-бүлөдөй болуп калганын айтат.
Иш-чарада Улуу Жибек жолунун тарыхы, маданияты, цивилизациясы чагылдырылган. Фестивалга катышкан өлкөлөрдөн бир гана кыргыз кол өнөрчүлөрү жашаган үйүн алып барып көрсөтүшкөн. Саамалыктын соңунда боз үй оюу түшүрүлгөн ички, сырткы жасалгалары, шырдак, кийиздери, чий эшиги менен кошо Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов тарабынан туристтик шаар аталган Путраджая шаарындагы музейге белекке берилген. Эми кыргыз боз үйү Малайзиянын борборунун көркүн ачат.
"75 ууктан турган беш канат боз үйдү бир жума мурун Малайзияга жибердик" деген уста Төлөсүн Бектемиров кыргыздын көөнөргүс мурасы болуп саналган үйүнө кызыгып, таң калгандар көп болгонун баса белгиледи.
"Фестивалга катышууну Маданият министрлиги уюштурушу керек эле. Катышуу үчүн өзүбүз чуркап жүрсөк, министрликтин атын жамынгандар келип "2 миң доллар берсең жардам берем. Боз үйдү бардык жасалгасы менен алып барып эмне кыласың?" деп жатышты",- дейт Т.Бектемиров.
Муундан муунга өткөн өнөрдү алып жүрүүчү уста, чебер-уздарды Малайзияга коштоп барган журналист Азамат Кыязов Эл аралык искусство, маданият жана ислам фестивалынын башкы максатына токтолуп өттү. "Бул фестивалга катышуу менен биз келечекке карай жол ача алдык. Мисалы, көп өлкөлөрдү чакырышкан экен. Ошол эле Казакстандын кол өнөрчүлөрү бара албай калышыптыр. Бизге ал жакта элчилик тараптан жакшы жардам болду",- деди.
Кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн Малайзия өлкөсүнө болгон маданий сапары тууралуу кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин №679-санынан окуп, видеорепортажды "СуперТВ" бөлүмүнөн көрө аласыздар.