Бүгүн, 4-ноябрда Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Инсан" тобунун 25 жылдыгына арналган концерт өтүп жатат. Бул убакыт аралыгында кыргыз музыкасынын жаңыча өсүп-калыптануусуна салым кошуп, сапаттуу музыка менен ыр сүйүүчүлөрүн кубантып келген топтун концертине түрдүү муундун өкүлдөрү күбө болууда. Концерт белгиленген убакыттан 35 мүнөткө кечигип башталды.
Концерттин көшөгөсү "Асман, жер да", "Кыргыздын кыздары" деген аталыштагы чыгармалар менен ачылды.