"Кыргызымдын жигиттери", "Той ыры" аттуу ырлардын обондорунун автору Тургуналы Нурматовдун концерти өтүп жатат

Бүгүн, 7-ноябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда ырчы, композитор Тургуналы Нурматовдун "Кубанычтар дайра болуп агылып..." аттуу концерти өтүп жатат. Анын жүрүшүндө кеченин ээси "Шырылдаң", "Эстейм, апа" деген ырларын бийчилердин коштоосунда аткарып, концертке келгендерге ыраазычылыгын билдирди. Бүгүнкү концертте Кубаныч Сатаев, Алтынай Нарбаева, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Урмат менен Неля, Кенже Көбөкова жана башкалар өз ырларын тартууламакчы.

Айта кетсек, Тургуналы Нурматов жакында "Супер-Инфо" гезитине маек курган.

Тургуналы Нурматовдун 60 жылдык кечесинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
make2
2015-11-07 20:56:00
Талантыңызга таазим, ырларыңыз абдан жакшы, дагыда жакшы ырларды жарата бериңиз.
+6
88inara88
2015-11-07 21:26:06
Ден соолугунуз чын болуп ар дайым ырлап журо бериниз.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан