Бүгүн, 20-декабрда Бишкектеги "Манас" Эл аралык аэропортуна жүргүнчүлөрдү киргизбей жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
"Сыртта адамдар үшүбөсүн деп 3 автобус турат",- дейт окурман.
Аталган аэропорттон SUPER.KG'ге маалымдашкандай, аэропорт саат 11:00гө чейин жабык болот, ал эми себебин айтуудан баш тартышты.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.