ЭЛДИК КАБАР: Сузак районунда эки айылды бириктире турган көпүрө 8 айдан бери бүтпөй, иш токтоп турат

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Барпы айылында эки айылды бириктире турган көпүрө 8 айдан бери жасалып бүтпөй турат. Тургундар 5 мүнөттүк жол үчүн бир нече чакырым жолду басып өтүшүүдө. Эл көп жолу митингге чыгып, нааразылык билдирсе да жыйынтык чыккан жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sobr777
2015-12-27 11:45:42
Жакшысы айыл озу бутурсун. Мамлекетке ишенсенер эмки шайлоого чейин турат ошо бойдон
+4
Mars55
2015-12-27 12:09:50
Узун туурасы канча метрлик копуроо?эми митинг кылбай эле эл оздору чогулуп бутурсо болот коп тукурсо кол болот дейт.
0
Rifle_2
2015-12-27 15:01:53
Mars55, эл баары эле бул жерде отургандарга окшогон активист эмес. Беш кол тең эмес.
0
mira28
2015-12-27 13:20:30
Негизи копуро жол курса чон сооп дейт эл озу бутурсо да болот.Козугарындай жайнап кычырап кийинип мени шайла деп барган депутаттарды эл кол чаап 2колдоп учурашып 4ырчыны ырдатса суйунбой ошол маалда бутуруп албапсыздар эми ким угат алар креслону кучактап отуруп алды Сузака кадам баспайтгоо копуро учун.Куздогу шанстан кур калыпсыздар.
+2
ainaz1996
2015-12-27 16:14:15
mira28, бул көпүрө бүткөн ачылышы болду. кече
+2
altynaiB
2015-12-27 14:29:51
Биздин айылда омуру асфальт жол болбогон эксилиги жеткен копуро акыры кулады. Окуучулар суу кечип каттап калганбыз. Анысы аз келгенсип автобус каттабайт. Карап корсок бул айылда озубуз жашап озубуз эле журот экенбиз.Мамлекеттен жардам кутуп жадаган айыдыбыздын чыгаан инсандары демилгени колго алып айыл эли менен бирге аракет кылышып баарын бутурушту. Азыр асфальт жол жаны копуро баары сонун. Элибизге куч кубат берсин. Жогорудан куткон менен пайда жок. Пайда болсо да эптемей эле болот.
+1
agarai
2015-12-27 16:31:39
altynaiB, кызык кечээ ачылышы болсо, бугун 8 айдан бери буто элек деп чыгат экен го
+1
marat009
2015-12-27 16:40:59
Интернетинин скоросту аз болсо керекда суперге жиберсе загрузка болуп ээми келгендир
+1
Altyn198
2015-12-27 18:37:06
Бул Барпынын кайсы айылы? Мендагы Барпыдан боломун
0
ainaz1996
2015-12-27 20:58:56
Altyn198, Датка Кочкорбаев
0
Moskva.kg
2015-12-28 01:56:49
Мамлекет болгондон кийин бутундой Кыргызстанды караш керек салыкты болсо алышат очойтуп светти бензинди болсо кымбаттаты эми бюжетке тушкон акчаны болушуп жеп албай элдин койгойун караш керек эл озубуз бутуробуз деп жаман уйротуп алганбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан