Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Жайыл айылына барчу жолдун абалы өтө начар. Бул тууралуу окурман бүгүн, 2-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
"Башынан баштап аягына чейин ушундай, бир да соо жери жок. Машина эмес, жөө басканга мүмкүн эмес. Мен ушул айылда мугалим болуп иштейм, күнүгө Кара-Балта шаарынан каттайм. Автобус, маршруттук такси жүрбөйт. Жергиликтүү такси айдоочулары эле иштешет.
Бул жолго 2015-жылы депутат Динара Исаева 1 миллион сом бөлүп, андан тышкары айыл тургундарынын арасынан унаасы бар ар бир түтүн 1000 сом, унаасы жоктор 500 сомдон чогултушкан. Жалпы эсеп менен 1 миллион 300 миң чогулуптур. Бул жолдун кебетесин көрсөңүздөр аябай өкүнүчтүү. Жолго ушунча акча салынып, анан бир жарым жылда сиздер көрүп тургандай абалга келди. Күзүндө бир жолу оңдомуш болушту, ал эки жумага гана жетти. Бөлүнгөн акчаны ким көзөмөлдөп, жолду ким жасатты билбейм. Таш эмес эле топурак алып келип төктү окшойт, жайында мүмкүн болбогондой чаң. Жаан жааса ылай, анан кышындагы кейпи бул. Эми жаз келсе эмне болорун билбейм. Борборго жакын туруп ушундай жол болсо, башка алыскы тоолуу райондордо кандай болду экен?"- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.