ЭЛДИК КАБАР: Ош-Бишкек жолунда Майлуу-Сууга жакын жерде бензин ташыган унаа өрттөнүп жатат

Ош-Бишкек жолунда Майлуу-Сууга жакын жерде бензин ташыган унаа өрттөнүп жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Өрт өчүрүү кызматына телефон чалынды, азырынча келе элек",- дейт окурман.

Ал эми башка окурман төмөнкү маалыматты WhatsApp менен жиберди:

"Саат 9:00 - 10:30 чамасында Ош-Бишкек жолунун Бүргөндү айылынын жанында Хонда Аккорд үлгүсүндөгү жеңил унаа менен 40 тонна соляркасы бар чоң унаа кагышып кетишти. Жыйынтыгында чоң унаа толугу менен күйүп кеткен. Жеңил унаадан бир адам каза болгону айтылууда. Өрт тез жалын алып, Кочкор-Ата шаарынан келген өрт өчүрүүчүлөр өчүрө алышпады".

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ош-Бишкек жолундагы бензин ташыган унаа Honda унаасы менен сүзүшкөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
talant87
2016-02-04 10:07:34
уктап кеткенго менимче
0
Odik11
2016-02-04 11:43:50
Куйуп буто элек саат 11:35
0
Aviator
2016-02-04 11:58:51
тоо- ашуудагы тоннелден туруп суротко тартканго чиркин.
+5
elchi84
2016-02-04 12:26:01
Бул Кыпчак Таала окшойт
+2
etaj_rus79
2016-02-05 02:33:17
кыпчак талаада экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан