Бишкекте төрт унаа катары менен кагылышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, жол кырсыгы Жумабек менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн саат 10:20 чамасында болду.
“Оодарылып жаткан ак унаанын айдоочусу орус улутундагы аял экен. Анын чекеси жарылып, нес абалында жүрөт. Андан башка үч унаанын айдоочулары көп деле жабыркашкан жок. Учурда окуя болгон жерге МАИ кызматкерлери келип, териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө”,- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.