Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Теңир-Тоо шырдагы” аталышындагы Нарын облусунун кол өнөрчүлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөсү өтүп жатат. Ага Кочкор, Нарын жана Ат-Башы райондорунун шырдак жасаган аялдар бирикмелери катышууда. Уюштуруучулардын айтымында, учурда көргөзмөгө көбүнчө чет өлкөлүк жарандар кызыгышууда. Иш-чара 15-февралга чейин уланат.