Биз социалдык тармакта

Бишкектеги мушташ: Эки жаранга майда бейбаштык боюнча протокол түзүлдү

Бишкекте Курманжан датка көчөсүндө мушташка катышкан эки жарандын өздүгү аныкталып, аларга майда бейбаштык боюнча протокол түзүлдү. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда бир нече жарандын ортосундагы мушташ тартылган видео аныкталган.

Окуяга катышкан Э.М. жана Э.М. аттуу жарандар териштирүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында жарандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлгөн.

Учурда мушташка катышкан башка жарандардын өздүгүн аныктоо иштери уланууда. Алар аныкталган учурда мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан