Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "Кимди президент кылууну эл өзү чечет" (маек)

- Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Жаңы эле Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарыңызды жыйынтыктадыңыз. Анда аймактын эли менен жолугушуп, түз баарлашып жаттыңыз.
Буга чейинкидей эле коомчулук, анын ичинде активисттер да, журналисттер да жолугушуулардагы көтөрүлгөн суроолорго да, жоопторго да кунт коюп көз салып турдук. Эми ошолордун арасынан көп талкуу, көп сөз болгон темаларга байланыштуу суроолорубузду узатып, жооп алсак дедик эле. Сиз бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айттыңыз. Бирок эл менен жолугушууларыңызда беш жылдык программаны сунуштап, шайлоо алдындагы үгүт иштерин баштап жибергендей таасир калтырууда. Үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап алган жоксузбу?

- Мен мыйзамга ылайык, өз милдетимди аткарып жатам. Анткени жалпы эл тарабынан шайланган президенттин ыйгарым укуктары кийинки шайланган президент ант бергенге чейин уланат.

Мамлекеттин иши шайлоо болот экен деп токтоп калбаш керек да. Айрымдар 2021-жылы эмне үчүн президенттин милдетин аткаруучу кызматты тапшырып, шайлоого катышканымды сурашат.

Андагы жагдай таптакыр башка болчу. Мен ал кезде эл тарабынан шайланган президент эмес, премьер-министр, анан президенттин милдетин убактылуу аткаруучу гана болчумун. Ошол учурдагы Конституциянын талабына ылайык, шайлоого катышуу үчүн премьер-министрлик ыйгарым укуктарымды тапшыргам.

Президенттин милдетин болсо,
ошол мезгилдеги спикер Талант Мамытов аткарып калган. Ал эми бүгүн мен жалпы эл шайлаган президентмин. Кызматта турган президент менен убактылуу милдетин аткаруучу экөөнүн шайлоого катышуу укуктук макамы эки башка. Муну чаташтырбаш керек.

Акаевдин мезгилинен бери эле мыйзамдарда кызматта турган президент кызматын тапшырбай туруп шайлоого катышат деп турат. Мен келгенде эле өзгөрүп калган жок, ал мыйзам. Дүйнөдө бардык өлкөлөрдө ушундай норма бар. Себеби мамлекет бир дагы күн президентсиз калбашы керек.

Үгүт иштери боюнча бардыгына бирдей шарт түзүлөт. Азыркы эл менен жолугушууларымды үгүт катары кабыл алуу туура эмес. Мен жыл башынан бери эле ар бир районду кыдырып келе жатам. Ноябрь ичи бүтөм. Элдин алдына өзүм чыгып, көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп жатам. Бул – менин президент катары түздөн-түз милдетим.

Эгер мен эл менен жолугушууларда “Мага добуш бергиле, шайласаңар тигини же муну жасап берем” десем, анда үгүт жөнүндө сөз кылууга негиз болмок. Бирок мен эч кимди өзүмө добуш берүүгө чакырган жокмун. Мыйзам талаптарын жакшы билем жана аларды сактап жатам. Башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу же кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок.

Мурда шайлоо учурунда мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдерди, дарыгерлерди үгүт иштерине аралаштырып, добуш топтоткон мезгилди элдин баары унута элек. Бүгүн андай тапшырма жок. Каалаган мамлекеттик кызматкерден сурап көргүлө, кимди шайлоо үчүн иштөөгө мажбурлап жатыптырбыз?

Шайлоо системасы да өзгөрдү. Толук автоматташтырылып, электрондошту.
Адам фактору аралашпайт. Мурдагыдай миллиондогон бюллетендер алдын ала басылып чыкпайт. Мурдагыдай ар бир участокко 200-300дөн ашыкча бюллетень даярдап коюу деген жок.
Шайлоочу келгенде бюллетень ошол жерден чыгарылып, ар бир жаран өз добушун берет. Бул дагы шайлоонун ачыктыгын, кайсы бир талапкерге илгеркидей ашыкча бюллетендерди кошуп жибербеш үчүн алдын алган механизмдердин бири.

Мен үчүн эң башкысы, шайлоо таза, ачык жана мыйзам чегинде өтүшү керек. Ким талапкер болуп шайлоого катышам десе ак жол. Ар бир жаран өз тандоосун өзү жасайт. Кимди президент кылып шайлоону көпчүлүк эл өзү чечет.

Шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт. Эгер административдик ресурсту пайдаланайын десем, эл менен жолукпай эле мурдагыдай кабинетте отуруп алып, акимдерди, министрлерди чакырып, тапшырма берип койсом көпчүлүк добушту алып беришмек. Бирок мен андай жолду тандабайм. Таза шайлоо менен чыныгы элдин добушун алышым керек.

- Энергетикалык кризис болуп жаткан учурда Камбар-Атада бекер өндүрүлүп, пайдаланылбай жаткан 30 МВт электр энергиясын эмне үчүне электр тармагына кошуунун жол-жоболорун таап, элдин керектөөсүнө бербейбиз? Эмне үчүн андан жеке ишкер пайда көрүшү керек?

- Жеке ишкер пайда көргөн жок. Аны биз суранып салдырдык, ошол жерде 15 жылдан бери чыкпай жаткан кубаттуулукту сатып алып турасың деп.

Мындан сырткары, 4-5 жылда майнинг ферма курган акчаңды актап алып, анан 100 пайыз мамлекетке өткөрүп бересиң деген шартыбызга макул болгон. Эки жыл өттү. Дагы эки-үч жылдан кийин майнинг ферма 100 пайыз НЭСКке ("Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсына) өтөт.

Бул жерде жагдай мындай: Мурдагы министр Таалай Ибраевдин мага берген маалыматы боюнча 2009-жылы “Камбар-Ата-2” ГЭСи ишке киргенде 120 (МВт) мегаваттык 1 агрегат коюлган экен. Бирок ошол мезгилден бери “Камбар-Ата-2ден” 90 гана мегаватты алып жүрүптүрбүз.

Себеби, 120 (МВт) мегаваттын баарын Камбар-Атадан алып чыгып элге жеткириш үчүн Камбар-Атадан негизги станцияга жеткирчү электр линияларыбыз, трансформаторлорубуз эски болгондуктан, 120нын (120 МВт) баарын өткөрүш мүмкүн болбоптур. Ошондуктан ушуга чейин Камбар-Атанын болгону 90 (МВт) мегаватт кубаттуулугун гана алып жүрүптүрбүз. Муну эч ким айтпай жүрө бериптир.

Ошол үчүн 30 мегаватт жөн эле жатпаш үчүн ошол жерге, Камбар-Атанын дал өзүнө 30 мегаваттык майнинг койдурганбыз. Балким, ал жерге завод-фабрика курабыз деген да ойлорубуз болгон. Бирок алыстыгына жана тоо арасында жайгашкандыгына байланыштуу завод-фабрика курам деген инвесторлор чыккан жок.

Мен кечээ Токтогулда бул маселени көтөргөн жигиттин суроосуна жооп берип, чогулуштан чыккандан кийин азыркы энергетика министри Алтынбек Рысбеков бул маселе боюнча мага кошумча толук маалыматтарды берди.

Көрсө, Ширшовдун компаниясы достору менен бирге мен эл менен жолугушууда атаган 430 миллион доллардан сырткары дагы кошумча жардам катары Күрпсай ГЭСине 63төн 125 мегавольт-амперге чейин жогорулатуу үчүн 2 жаңы автотрансформатор орнотуп беришиптир. Суммасы 271 миллион 549 миң сом. Камбар-Ата көмөк чордонун реконструкция кылып бериптир. Суммасы 318 миллион 794 миң сом. Мындан сырткары, 36 чакырым 110 (кВ) киловольт аба зымдарын жаңы зымдарга алмаштырып беришиптир. Суммасы 125 миллион 161 миң сом. Жалпы суммасы 715 миллион 505 миң сом болуптур.

Эми мындан ары апрель айынан сентябрь айына чейин 120 (МВт) мегаватты толук алып, элге жеткирүүгө болот. Калган айларда суунун аздыгына байланыштуу баягы эле 90 (МВт) мегаватт энергия алып турабыз.

Кыскасы, ток этерин айтсам, ушул сыяктуу жана башка ар кандай жолдор,
амал-ыкмалар менен 2020-жылга чейин топтолгон НЭСКтин ("Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому) 137 миллиард сом карызын быйылкы жылдын аягына чейин толук кутулуп бүтөбүз. Элестетиңиз, беш жылда бир жарым миллиард доллардан ашык карызынан кутултуп жатабыз. Түшүнгөн кишиге бул фантастикалык көрүнүш.

Бул карыздар 30 жылдан бери энергетика системасындагы уурулуктардан улам топтолгон карыз болчу. Биз кандай жол менен болсо дагы энергетикалык кризистен чыгаруу жолун тандап алдык. Азыр энергетика системасында мурдагыдай уурулуктар жок. Ошол эле мезгилде Ширшов дагы илгеркидей бир да тетикти Энергетика министрлигине сата албайт.
Министрлик керектүү тетиктердин баарын түздөн-түз заводдордон сатып алышат.

Мен Ширшовго башында эле эскертип:
“Илгеркидей ар кандай тетиктерди министрликке кымбат сата салам деп ойлобо. Эгер ушундай аракеттериңди баштасаң, түрмөгө кетесиң”,- деп чек ара сызыгын чийип бергемин. Ошол үчүн ал жардам бергенди гана билет, бирок бир дагы мамлекеттик мекемелердин иштерине кийлигишпейт. Илгеркидей “Ширшовдун схемасы” деген түшүнүк азыр жок. Муну азыркы иштеп жатышкан энергетиктердин баары билишет.

Кыргызстанда эки эле жерде майнинг ферма бар. Экинчиси – Кеминде. Бирок ал бизден электр энергиясын албайт. Россия менен Казакстандан импорт алып келет. Аны да кышкысын электр энергиясы тартыш болгондо токтотуп коюп, алып келип аткан энергетика кубаттуулугун элге колдонуп жаткан учурларыбыз бар.

Болду башка майнинг фермага уруксат берген эмеспиз. Качан гана чоң-чоң ГЭСтерибиз курулуп бүтүп, өзүбүздүн керектөөнү жапкандан кийин уруксат берсек болот. Майнинг фермалардан көп салыктар түшөт, негизи. Бирок айла жок өзүбүзгө энергия жетпей жатканга байланыштуу азырынча уруксат бере албайбыз.

- Ширшовдун энергетика тармагындагы мурдагы ишмердүүлүгү жана ага байланыштуу кылмыш иштери коомчулукка белгилүү. Бүгүн ал жүз миллиондогон долларды эмнеге бекер берип жатат? Мунун артында кандайдыр бир кызыкчылыгы барбы деген ой келип жатат, бизге...

- Мурдагыдай жеке финансылык кызыкчылыгы жок. Менин пикиримде, 11 жылдан кийин өзү туулуп-өскөн жерине кайтып келгенине эки дүйнө ыраазы. Мен да 4 жыл чет өлкөдө жашадым. Мекендин баркын жакшы билем. Миллиардер болсоң да, өз Мекениңе бир күнгө келе албасаң, миллиарддарыңдын деле кызыгы жок болуп калат.

5 жыл мурда Өмүрбек Бабанов менен баарлашып калдым. Ал да Сооронбай Шариповичтин убагында бир жыл Кыргызстанга келе албай жүрбөдүбү.
Ал: “Садыр Нургожоевич, өз өлкөңө келе албай жүрсөң, миллиард долларың бир тыйынга татыбайт экен. Тоолорду сагынат экенсиң, кичи мекениңди сагынат экенсиң, ошол үчүн камаса камасынчы деп 2020-жылы Кыргызстаныма баса бердим”, - деген эле.

Анын сыңарындай, Ширшовго да миллиарддары бир тыйын болуп калса керек. 11 жыл чет өлкөдө жүрүптүр.

Мен ага мындай дегем: “Силер 2005–2010-жылдары жакшы эле байыгансыңар. Эми мындан ары мамлекеттин байышына салым кошушуң керек. Эгер дагы деле баягы адатыңарды карматып, мамлекеттин эсебинен дагы да байыйм деп келген болсоң, анда жаңылышасың. Ордуң түрмө болот”, - дегем. “Мен жардам гана берем” деп сөз берип кеткен.

Менин иш бөлмөмдөн чыккандан кийин жер кучактап, көк чөптү жыттап, жатып алып ыйлаптыр. Кийин коштоп жүргөндөр айтып беришти.

Буга чейин бир топ жардамдарды берди. Аларды Токтогулда элдин алдында айттым. Азыр кайталап айтпай эле коёюн. Акыркы жолу социалдык программа экен деп 10 күн мурда МИКке (Мамлекеттик ипотекалык компания) 100 миллион доллар он жылга, үстөк пайызы жок насыя берди. Бул акча Каржы министрлигине түшүп, ал акчалар Мамлекеттик ипотекалык компанияга которулду. МИКке мен бул 100 миллион доллардын 50 миллион долларын өлкөбүздүн түштүк аймагындагы, 50 миллион долларын түндүк аймагындагы ипотекалык турак-жайларды курууга бөлүп берүү боюнча тапшырма бердим.

Негизи эле, республика боюнча кайсы тармакка каражат бөлүп бербейин, түштүк менен түндүккө бирдей бөлүп келе жатабыз. Эки регион тең бирдей өнүгүшү керек. Анткени калкыбыздын жарымы түштүктө болсо, жарымы түндүктө.

Өткөндө эл менен жолугушууда айтканымдай эле, он жылдан кийин бул каражат көп деле акча болбой калат. Инфляция деген бар. Эң негизгиси проценти жок.

- Ушундан улам, дагы бир суроону бербей коё албайм. Сиз Ширшов мамлекетке 300-400 миллион доллар инвестиция салды, бул аны камакта кармаганга караганда кыйла жакшы деп жатасыз. Эми ушул жол менен кетсек, мисалы, Максим Бакиев же агасы Жаныш Бакиев беш жүз эмес, бир миллиард доллар Кыргызстанга салалы, өлкөнү өнүктүрүүгө салымыбыз болсун дешсе, алар деле Кыргызстанга ээн-эркин келе береби? Анын үстүнө өткөндө соцтармакта Максим Бакиев учак менен жашыруун Бишкекке келип-кеткенин жазгандар болду эле.

- Максим менен Жаныштын иштери такыр башка. Аларга соттун өкүмү “өмүр бою камакта олтурушсун” деп чыккан. Өкүм күчүндө турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Алар келсе, чек арадан түздөн-түз эле түрмөгө барышат.

Максим Бакиев учак менен Бишкекке жашыруун келди деген жалган сөз. Мындай сөздөрдү чет өлкөдө качып жүргөн, өздөрүн блогер же журналистпиз деп атап алгандар таратып жүрүшөт. Аларга ишене бербегиле.

- Эл менен жолугушууларда мамлекеттик аппарат иштебей, бардык маселе жеке сизге келип такалып жаткандай көрүнүүдө. Жарым жыл мурда айтылган көйгөйлөр бүгүн дагы кайталанууда. Сот, прокуратура, укук коргоо жана жергиликтүү бийлик бутактарына нааразычылыктар көп. Эмне үчүн жооптуу жетекчилерге карата кадрдык чечимдер кабыл алынбай жатат? Жоопкерчилик кимге жүктөлөт?

- Туура айтасыз. Жергиликтүү жетекчилер жай иштеп жатканын байкап, көрүп турам. Таптакыр иштебей атышат дегенден алысмын. Бирок темп абдан жай. Жаңы жылдан кийин 2026-жылдын жыйынтыгын чыгарабыз. Ошондо элдин көйгөйлөрүн, илгертен бери чечилбей келе жаткан талаш-тартыш мамилелерин создуктуруп жүргөн облус жетекчилерине, губернаторлорго эле эмес, бардык жетекчилерге чара көрөбүз.

- Алдыдагы президенттик шайлоонун атаандаштык деңгээлин кандай баалайсыз? Азырынча сизге олуттуу атаандаш боло турган талапкерлер дээрлик көрүнбөйт. Мындай шартта шайлоо чыныгы саясий атаандаштык менен өтөт деп ишенесизби?

- Азырынча талапкерлердин катталуусу бүтө элек да. 13-ноябрда бүтсө керек эле. Ага чейин бир далай талапкер катталат болуш керек. Мен ар бир талапкер олуттуу атаандаш болот деп ойлойм.

Кыргызда “Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло” деген жакшы накыл сөз бар. Ошондуктан “сизге олуттуу атаандаш жок” деген сурооңузга “ии, чын эле мен эле экенмин” деп текеберлик кылбашым керек. Олуттуу атаандаштар сөзсүз чыгат.

Маектешкен Автандил Добулбеков

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан